Метка: өнөрчүлүк

КИЙИЗ

«Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку» (Макал). Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жүндөн уютулган жердик. Боз үйдүн жабуусунун, шырдактын, жабык баштын, ала кийиздин, кементайдын, калпактын, өрө кийиз, ала кийиз, шырдак (шырдамал, оймо теке) жана башка буюм-тайымдардын кийизи болуп бөлүнөт. Кийиз

Кененирээк окуу

КААЛГА

КААЛГА— (боз үйдүн каалгасы) — Үй жыгачынын бир бөлүгү. Бул топтоосуз, мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн турган тактайча. Түндүк босого менен бут босогодогу тегерек чуңкурчага каалганын баш-аяккы эки-үч элидей уурчугу өзү эле элпек кирип,

Кененирээк окуу

ЖОН ӨРҮМ

ЖОН ӨРҮМ (үч кыр өрүм) — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Жалаң гана кайышты тилүү аркылуу буюмду жүзөгө ашыруучу өнөр. Чебер 12—14—16 талга чейин жазы да, ичке да тилет. Өрүмдүн бул ыкмасында көк астыңкы бетинен каз таңдайлашып, бири-биринен шарттуу өтүшөт. Анда

Кененирээк окуу

БИЛЕРИК

«Кош билерик, кош шакек, оң колуңа сала кет» (Тоголок Молдо). Бул — зер буюму. Мунун эни ар кандай көрүнөт. Дегинкиси, жазыраак билерик көркөм көрүнөт. Билериктин да шакектей өзүнүн калыбы бар. Андан муунак-муунак болуп чыккан күмүш билерик түспөлүн жараткандан кийин мунун

Кененирээк окуу

«АЛАМАЧ»

«АЛАМАЧ» — шырдактын ортолук оюму (борбордук оюму) менен жээк оюмун (четтик оюмун) бөлүп туруучу түр. Ал көбүнчө ак-карадан, кара-сарыдан берилет. Аны «ала мончок» деп да атайт. Ал «араа тиш оюмдан», «тумарча оюмдан», «ийрек оюмдан», «ит куйрук оюмдан», «бадам оюмунан», «бычак

Кененирээк окуу

КЕРМЕ

КЕРМЕ (жаа) — өрмөчүнүн өрүмдү жүзөгө ашыруучу кол куралы. Ал — жарым айлана түрүндөгү жыгач. Чебер өрүмдү баштоодо кермеге (жаа) кайыш өзөктү керип алат да, аны суулап, анан ак самындап, (илгери мал майы менен) жибитип, сыдыргыга алып, күч менен кырдырганда,

Кененирээк окуу

КАЙЫШ

«Сылап -сыйпап үйрөттү, Кайыштан чылбыр сүйрөттү» (Тоголок Молдо). Бул — малдын, кайберендин терисинин ийлеген түрү. Ат жабдыктардын негизги жердиги, жүнү алынып, же ашатылып ийленген тери. Чабылган ээрди каптоодо чылгый тери керек. Жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, канжыга, тердик, желдик, чылбыр, үзөңгү

Кененирээк окуу

ЖЕЛБИРӨӨЧ

ЖЕЛБИРӨӨЧ — моюнга тагынуучу зер буюм, (чачык сыяктуу желбиреп, ушундан улам желбирөөч деп аталат). Бул — сөйкөнүн бир түрү. «Сөйкөнүн желбирөөчтөрү» деп да аталат. Азем буюмдардын эң негиздүүсү. Шөкөттөлгөн желбирөөчтүн кадимки сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, анын бетине асыл

Кененирээк окуу

БЕШ КЕШТЕ

«Беш кеште жыйдың жүгүңө, Береке кирди үйүңө» (Жеңижок). — Бул — өрмөчүлүктө буюмга көркөм түр түшүрүүнүн бир ыкмасы. Өрмөк согуп жатканда жипти сыйдалап илип кетүү. Жүндөн жипти ичке кылып ийрип, чыйрак чыйратып, түрдүү түскө боёп алат. Өрмөктү болсо, адаттагыдай эле

Кененирээк окуу

АЛА КИЙИЗ

АЛА КИЙИЗ (карала кийиз) «Кыргыз кийизге туулга» (макал). «Ала кийиз, төшөк жок, Жерге жатты кайран эл» (Ысак). Түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. Алардын толук жердиги жүн болгондуктан элибизде кийиз буюмдары арбын. Бул адими буюм катары бааланат да, узак убакыт

Кененирээк окуу