АКТ

Акт – бир нече киши тарабынан түзүлүп (үчтөн кем эмес), кырдаалды, фактыны, окуяны тастыктоочу документ. Акт мекеме, уюм, ишкананын материалдык, чарбалык, менчиктик, финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсептеп, зарыл учурда алардын пайдаланышын, бар/жоктугун тастыктоочу иш кагазы.
Актты түзүү себептери ар кандай болушу мүмкүн, ошондуктан актынын түрлөрү да абдан көп болот. Мисалы: мекеме, уюм, ишкананы жоюу актылары; тапшыруу-кабыл алуу (жетекчи алмашкан учурда) актылары; объекттерди кабыл алуу актылары; тажрыйба өткөрүү актылары, кызмат кылуу мөөнөтү бүткөн документтерди жок кылуу ж.б. боюнча актылар. Акт факты материалдарга гана таянат, андан юридикалык баа берүү зарылдыгы келип чыкпайт.

 

ҮЛГҮ:

 

БЕКИТЕМ
Бишкек шаарындагы
№ 1 мектеп-интернатынын
директору
К. О. Асылбеков

АКТ

10.01.2001 Бишкек ш.
№ 3 жатакананын комендантынын ишин
тапшыруу жөнүндө
Негиз: директордун 02.12.2000-ж. № 6 буйругу

Интернаттын № 3 жатаканасынын мурунку коменданты А. Сариев жана жаңы
дайындалган комендант Г. Темирова, мектептин бухгалтери С. Жолдошева жана административдик чарба бөлүмүнүн иш жүргүзүүчүсү К. Алексеев тарабынан ушул акт түзүлдү.
Мектептин № 3 жатаканасынын коменданты болуп иштөөчү А. Сариев ишин
тапшырды, Г. Темирова өткөрүп алды.
Ишти тапшырууда – кабыл алууда төмөнкүлөр аныкталды:
1. Өткөрүлүп алынган буюмдар: 330 керебет, 200 стол, 680 отургуч, 30 телевизор, 2 компьютер, 180 шкаф. Баары жарактуу абалда.
2. 2005-жылдын 1-сентябрына карата эсептен чыгарылган эмерек
буюмдардын тизмеси. Алардын бардыгы өз убагында чарба бөлүмүнө
тапшырылган.
Тиркеме:
1. Өткөрүлүп алынган буюмдардын саны жана баасы көрсөтүлгөн тизме
(6 бет, 3 нуска).
2. Жатаканада жашаган студенттердин тизмеси (8 бет, 3 нуска).
3. Акт 3 нускада даярдалды: 1-нуска бухгалтерияга, 2-нуска А. Сариевге,
3-нуска Г. Темировага берилди.

Ишти тапшырдым А. Сариев