ГАЗНЕВИЛЕР МАМЛЕКЕТИ

ГАЗНЕВИЛЕР МАМЛЕКЕТИ (977–1186) – түркий тилде сүйлөгөн элдердин динас-тиясы. Саманилердин аскер башчысы Алп-Тегин негиздеген. Аскер кызматчылары гулямдарга таянып, Алп-Тегин 962-ж. өзүн Газна ш-нын башкаруучусу деп жарыялаган. Шаардын аталышы б-ча жаңыдан түзүлгөн мамл. Г. м. деп аталган. Г. м. Себук-Тегиндин (977–997) ж-а анын уулу Махмуд Газневинин (998–1030) тушунда абдан күчөгөн. Мамл-тин курамына азыркы Ооганстан м-н Иран, Орто Азиянын айрым аймактары, Индиянын түндүк ж-а түндүк-батыш бөлүгү кирген. Өлкөнү башкаруу үчүн чыңдалган мамл. аппарат түзүлүп, башкаруучулар өз мүдөөлөрүн аткаруу үчүн илим м-н маданиятты өнүктүрүүгө умтулушкан. Газневилердин ак сарайында көрүнүктүү окумуштуулар ж-а акындар (Беруни, Бейхаки, Фирдоуси ж.б.) турушуп, өтө маанилүү ил. эмгектерди ж-а көркөм чыгармаларды жазышкан. Г. м-нин аскерлери дайыма жортуулга чыгышып, басып алган аймактарын бүлдүрүп, калкын тоноп, кул кылышкан. Мындай жырткычтык иштер Г. м-н начарлатып, карапайым элди күрөшкө түрткөн. Масуд Iнин тушунда (1030–41) мамл. ыдырай баштаган; 1040-жылдан кийин алардын карамагында азыркы Ооганстан м-н Пенжаб аймагынын бир бөлүгү гана калган. 12-к-дын 70-жылдарында гурилер Газневиге каттуу сокку урган, аларды Түндүк Индиядан сүрүп, Лахор ш-н тартып алган. Ушундан соң Г. м. ж-а династиясы толук жоюлган.