ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨР

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨР – өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн алдында колониялык же жарым колониялык  абалда болуп келген, бүгүнкү күндө өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен Азия, Африка, Латын  Америкасы жана Океаниядагы өлкөлөрдүн тобу. Бул өлкөлөр эмгектин эл аралык бөлүнүшүндө өнөр жайы өнүккөн  мамлекеттер үчүн агрардык-чийки заттарды жана эң арзан жумушчу күчүн берип турушкан. Өндүргүч күчтөрдүн  Өнүгүшүнүн салыштырмалуу төмөнкү деңгээли, чарбанын бир жактуулугу, экономиканын көп укладдуулугу, аягына  жеткирилбеген социалдык – экономикалык кайра түзүүлөр эреже катары, Ө. к. ж. ө-гө мүнөздүү. Өнүгүп келе жаткан  өлкөлөрдөн бардыгына жалпы тиешелүү проблемалар төмөнкүлөр: экономикалык өсүүнүн темпин тездетүү; улуттук  экономиканы бекемдөө; айыл-чарба өндүрүшүн механизациялаштыруу; маданий артта калуучулукту жоюу ж. б. Акыркы  жылдары кедей өлкөлөрдөн «акылдын оошу» күч алууда (Брейн-Дрейн). «Отчёт по человеческому развитию 1994»  билдиргендей 1985–1990-ж. Африкадан 60 миң ортоңку жана жогорку деңгээлдеги менеджерлер чыгып кетишкен. Гана  мамлекетинде 80-ж. башында даярдалган врачтардын 60% өлкөнү таштап кетишкен. Латын Америкасындагы  өлкөлөрдүн университеттерин бүтүрүүчүлөрдүн 20%тен ашыгы эмиграцияда болушкан. СССР жоюлгандан кийин өз  алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен мурунку союздук республикалардын көпчүлүгү өнүгүп келеаткан  өлкөлөр-дүн катарына кошулушту. Алардын арасында Кыргыз Республикасы да бар. Кыргыз Республикасы жалпы  коомдук өнүгүүнүн көптөгөн көрсөткүчтөрү боюнча Ө. к. ж. ө-дүн көпчүлүгүнөн алдыда турат. Бирок, Ө. к. ж. ө-дүн бул  көпчүлүгүнүн көрсөткүчтөрү күн санап өсүп, жакшырып, өнүгүү жолунда болсо, ошол эле учурда бул көр-сөткүчтөр  Кыргыз Республикасында уламдан-улам начарлап, төмөн-дөө жолунда. Эгер бул төмөндөөнү тез арада токтотпосо, анда  Кыргыз Республикасындагы абал начарлап, бүгүнкү күндөгү өзүнүн жетишкендиктерин жана артыкчылыктарын  жоготуп алышы мүмкүн. Өз алдынча өнүгүүгө, өз тагдырын чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүз чечүүгө жетишүү – Ө. к. ж.  ө-дүн элдерин бириктирүүчү негизги тилек болуп калды.