МАДАМИН БЕК

МАДАМИН БЕК, Мухаммед Аминбек – 1918–20-ж. Фергана өрөөнүндө Совет бийлигин орнотууга каршы чыккан корбашы. 1919-ж. март айында Ташкендеги революцияга каршы козголоңдон кийин Ферганага качып келген орус козголоңчулары м-н бирге Наманган ш-н камаган. Май айында негизги күчүн Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймактарына топтогон. Июль айында ага кулактардын «Дыйкандар армиясын» жетектеген Монстровдун күчү кошулган. Ош, Жалалабатты ээлеп, Анжиянды камалашкан. Сентябрдын акырында гана алар Анжияндан чегинүүгө аргасыз болгон. 1920-ж. февралдын акырында М. б-тин негизги күчтөрү талкаланып, тынчтык сүйлө-шүүлөргө макулдугун берүүгө аргасыз болгон. Анын ордосунда Э. Ф. Кужело, А. Н. Антонов, Я. Б. Филиппинов сүйлөшүүлөр жүр-гүзгөн. Кийинчерээк М. б. М. В. Фрунзе м-н сүйлөшүп, Совет өкмөтү тарапка өзүнүн колу м-н өткөн. Анын айрым жигиттери Көр-Шерматтын колуна кошулган.