«АЛАШ» ПАРТИЯСЫ

«АЛАШ» ПАРТИЯСЫ – 1917–20 -ж. Казакстанда пайда болгон саясий уюм. Конституциячыл демократия (кадет) партиясынын Казакстандагы тобу катары 1905-ж. пайда болгон. Ошол эле жылы жай айларында улуттук «А». п-нын Пишпектеги бөлүмү «Алаш ордо» А. Сыдыков, И. Арабаев, К. Тыныстанов, И. Тулин ж. б. тарабынан уюштурулган. Партиянын составын негизинен интеллигенттер, улуттук буржуазиянын өкүлдөрү түзгөн.Анын программасында казак жана кыргыз элин өз алдынча буржуазиялык автономияга бөлүү мүдөсү каралган. Эркиндик, теңдик, демократия, суверенитет, достук ураандарын көтөргөн. 1917-ж. 5–13-декабрда Оренбургда «бүткүл кыргыз» (казак) съезди өтүп, Кыргыз крайын автономдуу деп жарыялап, элдик милиция уюштурулган. Ушул съездде составы 15 кыргыздан (казактан) турган Алаш-Ордо (Убактылуу Өкмөт) түзүлгөн. Съездди Кыргыз крайына белгилүү коомдук ишмер А. Букейханов (өзү
Кичүү жүздөн, Букей ордосунун (1801–76-ж. Россиянын вассалы) султаны, Букет Нуралимовдун тукумунан) башкарган. Убактылуу өкмөт Семипалатинск шаарында жайгашкан. Совет бийлигинин чабуулунун натыйжасында, 1918-ж. ордуна Алаш-Ордо убактылуу өкмөтүн жоюу чечими кабыл алын ган жана көп өтпөй Колчактын «жогорку башкаруусу» пайда болгон. 1918-ж. Жети-Суу ревкому «А». п-нын областтык, уезддик уюмдарын жоюуга токтом чыгарганына карабастан, алар 1920-жылдын мартына чейин жашап келишкен. Монархиялык бийликти көздөгөн Колчактын күчтөрү басып киргенден баштап «А». п-нын жергиликтүү уюмдары Совет бийлиги тарабында болуп, контрреволюцияга каршы күрөшүшкөн. Лениндин өмүрүнө кол салуу окуясынан улам башталган «кызыл террордун» шарданы менен «А». п-нын жергиликтүү уюмдарынын ишмердиги контрреволюциячыл деп табылып, 1920-ж. жоюлган. Бул партиянын мүчөлө-рүнүн бир бөлүгү эмигрант болуп (Мустафа Чокаев), дагы бир бөлүгү контрреволюцияга жана басмачылык кыймылга кошулуп кетишкен, үчүнчү бөлүгү, бир катар прогрессчил өкүлдөрү Совет бийлигин колдоочулардын катарына өтүп, сабатсыздыкты жоюуда, маданиятты өнүктүрүүдө көп эмгек сиңиришкен. Алардын арасында И. Арабаев, А. Сыдыков, К. Тыныстанов ж. б. болушкан.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети