БАЙ

БАЙ – кыргыз коомунун узак мезгилден бери өнүгүшүндөгү социалдык жана материалдык бөлүнүүлөрдүн бирин түшүндүрүүчү термин. Элдин материалдык жактан көбүрөөк камсыз болгон бөлүгүн көрсөтүүдө «Б». термини «Манас», «Семетей», «Сейтек» ж. б. эпостордо өтө көп кездешет. Кыргыз коому, бай-манап жана кедей-кембагал болуп бөлүнүп келгени жалпыга маалым. Элдин мындайча бөлүнүшү табигый көрүнүш. Табият адамдарды күч-кубат, акыл-эс жагынан бирдей жаратпаган сыяктуу эле, алардын материалдык жана руханий байлыктары да бирдей болбойт, ушундан улам, алардын коомдон, анын социалдык тепкичтеринен ээлеген орундары да ар түрдүүчө болот. Тек гана, байлардын байлыгын күнөөлөп, кедейлердин кедейлигин жактоонун эч зарылчылыгы жок, мындай «күнөөлөө» жана «жактоо» өтө
оор кесепеттерге алып келээрин «социализмдин тарыхы», биздин аталарыбыздын өмүр баяны далилдеп турат. Бай-манаптардын активдүү бөлүгүн 1917–25-ж. басмачылар катары кырып-жоюп, калганын 1926–30-ж. Кыргызстандан башка аймактарга, Украинага ж. б. жактарга көчүрүп жиберген. Социализм мезгилинде Б-лар негизинен тап катары жоюлган. Бирок жеке менчикке негизделген азыркы коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында Б-дын жаңы түрү пайда болду.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети