САЯСИЙ СОЦИАЛДАШТЫРУУ

САЯСИЙ СОЦИАЛДАШТЫРУУ (инсанды) – саясий мамилелерге толук укуктуу катышуучусу болууга инсанга  мүмкүндүк берген, белгилүү билимди, баалуулуктарды, нормаларды өздөштүрүү процесси. С. с. адамдардын мурунку  муундагы адамдар чогулткан социалдык тажрыйба менен аны социалдык субъект катары калыптандыруу жалпы  процессинин компоненти, бир тарабы болуп эсептелинет. С. с. инсан тарабынан белгилүү саясий билимдердин  суммасынын өздөштүрүлүшүн жана коомдук-саясий ишмердүүлүктүн ыктарына ээ болууну; өздөштүрүлгөн  билимдердин саясий ишенимге айланышын жана аларды коргоо мүмкүнчүлүгүнүн калыптанышын; инсандын саясий  багыт алуусун түзүүсүн жана тактоосун, рационалдуу саясий жүрүм-турумду иштеп чыгууну болжолдойт. С. с-нун  темпи жана даражасы көп факторлор менен байланышкан. Алардын ичинде: а) чоң чөйрөнүн – коомдук-экономикалык  формациянын, мамлекеттин, таптын, улуттук ж. б. социалдык топтордун коомдун саясий маданиятын; б) кичи чөйрөнүн  – институттук жана формалдык эмес биримдиктердин, мектептин, үй-бүлөнүн, айрым инсандардын; в) ички генетикалык  берилген факторлордун; г) өзүн-өзү тарбиялоонун таасирине да көз каранды. Адамдын саясий билимге, нормаларга жана  баалуулуктарга ээ болуусу жана анын социалдык-демографиялык, идеялык, психологиялык мүнөздөмөсү менен тыгыз  байланышта. Өзгөчө ролду мында инсандын экономикалык мамилелердин системасында алган ролу ойнойт. С. с. – деп  инсандын туулгандан баштап коомдо болгон саясий системадагы ыңгайлануусун кароого болбойт. Бүгүнкү күндө инсан  белгилүү деңгээлде тандап алуу эркиндигине ээ, бул болсо ага бойго жеткенде, чыгармачылык жана тандоо аркылуу  саясий билимдерге ээ болуп, өзүнүн саясий ишенимдерин жана позицияларын калыптандырууга мүмкүндүк берет.