БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ

БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ – 7–12-к. түрк уруулары ж-а элдери колдонгон жазма. Ташка, кагазга руна, уйгур, брахма, согда, манихей, сирия (эстрангело) жазуусунда, араб тамгасы м-н түрк тилинде жазылган чыгармалардын кеңири түрү. Негизинен байыркы түрк эстелигин руна сымал жазма түзөт. Кыргыз ж-а түрк калктарынын тарыхын изилдөөдө мааниси зор. Б. т. ж. э. пайда болгон мезгил 7–8-к. деп эсептелип, жогорку чеги 11–12-к-га чейин созулат. Жазуу эстеликтеринин тили – байыркы түрк тили. Б.т.к.ж. эрте орто кда Орхон, Енисей жээктеринде, Чыгыш Түркстан аймагындагы көчмөндөрдүн арасында жаралган. 6–7-к-да Борб. Азиянын түрк тилиндеги калктары, түрк кагандарына баш ийген калктар, төмөнку Волгадагы, Дон, Түндүк Кавказдагы түрк калктары өз жазуулары катары колдонушкан. Алгач руна жазуулары бири-бири м-н байланышпаган 37 же 38 белгиден турган. Алар согду жазуусуна караганда жыгачка ж-а ташка түшүргөнгө жакшы ылайыкташкан. Руна жазмасы түрк тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн так берген. Үнсүз белгилер үндүү тамганын алды же арт жагына келишине жараша эки түрдө, оңдон солду карай горизонталдык абалда жазылган. О. эле тик жазылган учурлары да кездешет. Руна жазуулары гот же скандинавия руна жазуулары м-н салыштырылган. Руна жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү.

Руна жазууларынын келип чыгышы ждө окумуштуулардын арасында төмөндөгүдөй ойлор өкүм сүрөт:
1) кель-гот урууларына таандык;
2) енисей кыргыздарынын жазуусу;
3) грек-гот алфавити м-н түздөн-түз байланыштуу;
4) унутулган орус жазуусунун үлгүсү;
5) угро-фин аска бетине жазылган тамгалардын үлгүсү;
6) грек, түндүк финикий, түштүк семит алфавиттери м-н жакындыгы бар;
7) ирандык тамгаларга окшоштугу бар;
8) грек алфавитинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган;
9) б. з. ч. 8–5-к-дагы Казакстандагы Эсик көрүстөнүндөгү «алтын адамдын» жанынан табылган күмүш идиш түбүндөгү жазуу байыркы түрк руна жазуусунун башаты;
10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде руна жазуусу согду жазуусунун негизинде жаралган.

Руна жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын ж-а ага мүнөздүү үндүү тамгаларды белгилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсебине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Дж. Клосондун изилдөөсү б-ча согду жазуусунан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуу-су пайдаланылган. Байыркы руна алфавитин 7–9-к-да Орто Азиянын көптөгөн мамл-тери пайдаланган. 10-к-да руна жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, Орто Азиянын түндүкчыгышында 10–11-к-га чейин пайдаланган. С.Г.Кляшторный байыркы руна жазмасынын колдонгонуна, мезгилине, аймагына ж-а жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: 8–11-к-да Кыргыз кагандыгынын жазуулары (Енисей бою); 7–8-к-дагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай); 8–10-к-дагы Курыкан уруу союзунун жазуулары (Лена, Прибайкалье); 8–9-к-дагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); 8-к-дагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жетисуу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгачтагы жазуу); 9–10-к-дагы Кимак мамл-нин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиографиялык тексттер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчундуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы ж-а Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы белгилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). 8–11-к-да Енисей боюнда жаралган руна жазуулары Таластагы жазуулар м-н жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазууларынын мүнө-зүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калктын бир бөлүгү аны жаза билишкен. Жазууларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүлгөн.