БАЛБАЛДАР

БАЛБАЛДАР, буркан таштар – ба-йыркы ж-а орто к-га таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер (скульптура). Бийиктиги 0,5–4 м. Алардын көпчүлүгүнө адамдын айкели, кийим–кечесинин деталдары, канжары, кылычы же колуна кармаган чөйчөгү м-н кошо чегилген. Чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган. Б-дан көчмөндөрдүн антропологиясын, аскердик жашоо салтын байкоого болот. Айрым учурларда Б. жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Б. Моңголиядан, Европанын түштүк-чыгыш та-лааларынан, Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы Б. байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар ж. б.), көпчүлүгү 6–13-к. кыргыз, огуз, кыпчак ж.б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай Б. Кыргызстандын Талас, Чүй, Ысыккөл өрөөндөрүнөн көп табылган. БАЛДАК – 1. кылыч, канжар, кездик куралдарынын бир тарабы бириктирилген же эки жагы тең ачык кош толтолуу сабы; 2. аксак кишилер колтугуна такап, басууга ылайыкталган, орто ченинде кармагычы бар, төмөн жагы бириккен, жогорку жагы эки ача болуп барып бир карышча туура жыгачка ашталган таяк; 3. атчан жүргөндө бүлдүргөлүү учун ээрдин кашына такай илип, ачакей же туура жыгачтуу учуна бүркүттү кондуруп, туур ордуна колдонулчу эки укумча жыгач; 4. оймо, сайма, чиймелерде колдонулчу бир же эки башы ачакейленген кыска же узун сызыкчалар түшүрүлгөн көчөттөр. Шырдак оюуда, чий чырмоодо, аяк кап, табак кап оймолорунда көчөттөрдү байланыштыруучу жерлерде көбүрөөк колдонулат.