БАРТОЛЬД Василий Владимирович

БАРТОЛЬД Василий Владимирович (1869, Петербург ш. – 1930, Ленинград ш.) – чыгыш таануучу түрколог; асыресе Орто Азия м-н Борб. Азиядагы элдердин тарыхын изилдөөчү; академик (1913), проф. (1901). 1891-ж. Петербург ун-тин (чыгыш тилдери факультетин) бүтүргөн. Эки бөлүктөн турган «Моңгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан» аттуу эмгеги (1898–1900) үчүн ага «Чыгыш тарыхынын доктору» деген ил. наам берилген. Түрк элдеринин тарыхын жалпылаштырып жазган эмгектеринен тышкары, айрым түрк элдеринин тарыхын байыркы доордон жаңы ж-а соңку доорлорго чейин ырааттуу жазган. Б. «Жетисуу тарыхынын очерки» (1898), «Түрк элдеринин тарыхы боюнча 12 дарек» (1927) аттуу эмгектердин автору. Анын «Кыргыздар» (1927; 1943-ж. 2-жолу басылган) аттуу монографиясы кыргыздардын байыркы замандардан соңку жаңы доорго чейинки тарыхынын кыскача мүнөздөмөсү болуп эсептелет.