БОЛУШ

БОЛУШ – (орусча – волость, волостной управитель – башкаруучу) падышалык Россияда аймактык-администрациялык  бирдик. Россиянын составына кирген Кыргызстандын аймагы уезддерге жана волостторго (болуштарга) бөлүнгөн.  Болуштуктун көлөмү тууралуу ар кандай көз караштар бар. Бирөөлөрү, болуштук 1000–2000 түтүндөн турган десе  (Кыргыз тарыхы сөздүгү), экинчилери 300 түтүнгө жакын (X. Карасаев. Өздөштүрүлгөн сөздөр, Фрунзе, 1986.) деп  белгилешет. Болуштукту башкаруучу адам Б. деп аталган. Б. эл тарабынан шайланып, шайлоо системасы эки баскычтан  турган. Биринчи баскычында 50 түтүндөн бир шайлоочу өкүл «элүү башы» шайланган. Экинчи баскычында, ошол элүү  башчылардын жыйынында (волостной сход), 3 жылдык мөөнүт менен Б. шайланып, өкмөттүн жардыктары менен сот  18 www.bizdin.kg  өкүлдөрүнүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөп, талаш тартыштарды чечип, жер, жайыт, чабынды бөлүү, салык  салуу жана жыйноо милдеттерин аткарган. Күнөөлүүлөрдү уруп-сабоого, айып салууга, кыска убакытка камап коюуга  укугу болгон.