БОРБОРДУК ТЕҢИРТОО КЫРГЫЗДАРЫНЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ

1863-ж. Борб. Теңиртоого чалгындоо тобу жөнөтүлүп, «Кашкар отряды» деп аталган бул кошуунга генштабдын капитаны Проценко колбашчылык кылган. Теңиртоонун чордонундагы Кочкор, Жумгал, Нарын, Атбашы, Акталаа, Тогузторо өрөөндөрүндө, Кашкар тарапта сарыбагыш, саяк, черик, моңолдор, чоңбагыш, бугу, тынымсейит ж.б. уруулар жашачу. Соңкөл, Солтонсары, Каракужур, Карасаз, Кеңсаз, Аксай, Арпа өрөөндөрү малга жайлуу мыкты жайлоолор болгон. Алардын айрымдарын Кокон ханы каратып, салык алып турса, кээ бирөөлөрү (черик, чоңбагыштар) Кашкардагы цинь-манжур бийлигинин таасиринде турган. Бирок Борб. Теңиртоодо кокондуктар туруктуу бийлик жүргүзө алган эмес. Кокон хандыгы мезгил-мезгили м-н аскер жиберип, өз үстөмдүгүн убактылуу гана орноткон. Борб. Теңиртоодо таасирин орнотуу Россияга Чыгыш Түркстан, айрыкча Кашкар м-н түз соода байланыштарын өнүктүрүү үчүн да өтө зарыл эле. Буга чейин орус көпөстөрү Кашкар м-н соода-сатыкты көбүнчө Кокон хандыгы аркылуу ж-а Верный тараптан Кулжа аркылуу жүргүзүшчү. Ал эми Түндүк Кыргызстан аркылуу түз байланыш түзүү жолду кыйла кыскартмак. Бул жол Ысыккөлдүн батыш тарабы, Кочкор, Нарын, Атбашы, Аксай аркылуу өтүп, Көлдүн чыгышындагы жолго караганда оңтойлуу, ашуубелдери анча татаал эмес эле. Кашкарга өтө турган бул жолду өздөштүрүп, кербендердин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн аталган аймактарды ээлеш керек болчу. 1863-ж. 3-майда «Кашкар отряды» Кастектен чыгып, Боом капчыгайы, Ортотокой ж-а Кызарттын бели аркылуу Жумгал өрөөнүнө чейин жеткен. Ал кезде Жумгалда болгону 50гө жетпеген кокондук сарбаздар турган. Алар жоого каршылык көрсөтүүгө даай албай коргонду таштай качканда, аны орус аскерлери ээлеп алган. Андан соң Проценконун кошууну Соңкөл жайлоосу аркылуу кокондуктардын Теңиртоодогу башкы тиреги болгон Куртка чебин эч каршылыксыз эле басып алган. Курткада бир топ күн тургандан кийин капитан Проценко жер чалыш үчүн кошуунунун жарымын алып, Нарындын төрүнө жөнөгөн. Кошуундун бир бөлүгү Куртка чебинде калган. Ошондо Үмөтаалы Ормон уулу, Осмон датка Тайлак уулу баш болгон кыргыздар 19-июнда Экичат деген (Куртка өзөнү өтүүчү колотто) жерде подпоручик Зубаревдун июндун башында Нарындан Балыкчыга азык-түлүк, окдары үчүн барып, кайра кайтып келе жаткан кошуунуна кол салышкан. Кыргыздар орус аскерлерин эки жакка жылдырбай, эки күн бою Экичатта камап турган. 21-июнда гана Проценконун казак-орустар кошууну жардамга келип, орус аскерлерин курчоодон куткарып калуу-га үлгүргөн. Буга чейин 2–3 миң жигиттен турган Үмөтаалынын колу Нарын дарыясындагы көпүрөнү бузуп салган. Экичатта кыргыздардын 18 жолу жасаган   44 чабуулунда Зубарев ж-а 7 солдат жарадар болуп, экөө көз жумган. Кыргыздар м-н Акталаа аймагындагы кагылышуу орус кошуундарынын Борб. Теңиртоодогу андан ары жылышын кыйындаткан. Көп өтпөй Кытай чегарасындагы кырдаалдын оорлошуна байланыштуу Колпаковскийдин буйругу б-ча «Кашкар отряды» Кеген кошуунуна биригүү үчүн кайра кайткан. Ошентсе да бул кошуун өзүнө жүктөлгөн милдеттердин бир тобун чечүүгө, айрым кыргыз урууларын Россия таасирине имерүүгө үлгүргөн. Жумгал, Куртка, Тогузторо чептери кыйратылган. «Кашкар отрядынын» Борб. Теңиртоого жортуулу айрыкча черик уруусунун Россия курамына киргизилишин тездеткен. Черик уруусу ал кезде Нарын дарыясынан түштүктө Күйкөтурпан тоосуна чейин Какшаал суусунун жээктеринде, Атбашы, Арпа, Аксай өрөөндөрүнөн Кашкарга 50 чакырымга чейинки аралыкта көчүп-конуп жүрүшчү. Кокон хандыгынан тышкары чериктерден цинь-манжур төрөлөрү, кийин Кашкардын улугу Жакып бек (к. Йакуб бек) салык төлөөнү, бийлигине моюн сунууну талап кылып турган. Ушундай кырдаалда коңшулардын кысымынан кутулууну эңсеген чериктердин айрым манаптарына орус падышасынын бийлиги жеңил болчудай, Россия курамына кирүү оңтойлуудай сезилген. 1863-ж. жазында 6 миңдей түтүн черик уруусунун чоң манабы Турдумамбет Тоймат уулу, Турдуке Турдумамбет уулу баш болгон бийлер Алатоо округунун улугу Колпаковскийге атайын кат жөнөтүп, ал катта падышанын жөлөк болуу-сун өтүнүшкөн. Батыш Сибирдин генерал-губернатору Дюгамелдин согуш министрине ж-а мамл. вице-канцлерге жиберген сунушу б-ча көп өтпөй император макулдугун билдирген. 1863-ж. күзүндө Омскиге келген чериктердин элчилери (4 киши) 13-октябрда орус падышасынын бийлигине баш ийгендиктери тууралуу черик уруусунун атынан ант беришкен. Бирок 1868-ж. Нарын чеби курулганга чейин орус бийлиги чериктерге үстөмдүгүн толук орното алган эмес. Ал эми Нарын чеби негизделген кезде чериктердин көпчүлүгү Алатоо округуна карап, калганы Жакыпбектин карамагында турган. Кийин Чыгыш Түркстандагы Жакыпбектин мамлекети жоюлганда, алар Кытай императорунун бийлигине өткөн. 1864–65-ж. Нарындын башын мекендеген тынымсейит уруусу, саяк уруусунун Кочкор, Жумгал, Кетментөбөнү жердеген уруктарынын кыйласы Россиянын курамына киргизилген. Ал эми Үмөтаалы бийлеген сарыбагыштар м-н Осмон датка башкарган тогузторолук ж-а акталаалык саяктар (чоролор) орус аскерлерине багынбай каршылык көрсөтүүнү уланта берген. Акталаадан Жумгалга конуш которуп келген сарыбагыштын борукчу уругу (1000 түтүн) 1865-ж. Россиянын карамагына өтөт. Алардын башында Шамен, Кодон, Байтели ж-а Жаманак манаптар турган. 1867- ж. жайында Нарынга полковник Полторацкийдин мыкты куралданган аскерлери келгенде Каракужурдан тартып Аксай, Чатыркөлгө чейинки кең аймакты (500 чакырым аралыктагы) ээлеп, 5–6 миң түтүн элди бийлеген Үмөтаалы багынып берүүгө мажбур болду. Ал эми Осмон Тайлак уулу болсо өз күрөшү ийгиликсиз аяктаган соң, баш калкалап, Чыгыш Түркстанга качып өтүүгө аргасыз болгон. Жакыпбек көз жумган соң Осмон Теңиртоого кайтып келген. Жакып бектин уулдарынын ортосунда так талаштан чыккан чатак мамлекетти алсыратып, натыйжада Кытай аскери Кашкарды басып алган (1877-ж. декабрь). Борб. Теңиртоо Россия курамына киргизилгенден кийин орус бийликтери Үмөтаалыдан Экичаттагы кармашта өлгөн эки солдат ж-а жарадар болгон жети солдат үчүн кун доолаган, ар бир өлгөн солдат үчүн 75 тен жылкы, жарадар болгон офицерге 100 жылкы, 5 солдаттын ар бирине 25тен жылкы төлөмөк болгон. Бир жылкы 20 сомго бааланып, акчалай төлөсө 7500 сом берүүгө тийиш болгон. 1868-ж. 60 жаштагы Үмөтаалы белгиленген кундун жарымын акчалай, калганына жылкы берип кутулган. Ошентип, 1867-ж. Үмөтаалынын багынып бериши м-н Борб. Теңиртоону каратуу аяктап, бүткүл Түндүк Кыргызстан Россиянын курамына киргизилген.