Дүйнөдөгү 10 таң калыштуу кесип

Дүйнө жүзүндө баш аягы 40 миңдей кесиптин түрү бар. Алардын айрымдары жоголуп бара жатса, айрымдары жаңыдан гана пайда болууда. Ал эми кээ бир кесиптер өзү өзгөрбөсө дагы заманга жараша супервайзер, мерчендайзер деген сыяктуу аттары өзгөргөн. Булардын ичинде Сизди таң калтыра турган, балким ичиңизди күйгүзө турган кесиптер дагы бар. Анда эмесе ушундай таң калыштуу кесиптер менен таанышыңыз.

1. Ажааткана көрсөтүүчү.
Кытай — элге бай, жерге бай болгон чоң мамлекет. Шаарларында кыжылдаган элдин көптүгүнөн адашып кетүү оңой. Ушундай жерлерден капысынан турмуш кыстап, бошонуу — жашооңуздагы биринчи маселеге айланса Сизге ажааткана көрсөтүүчүлөр жардамга келет. Алардын иши — Эл көп чогулган жерде туруп алышып аргасыздан бийлеп бара жаткан адамдарга «туура жол» көрсөтүү. Социализм байыр алган бул өлкөдө аталган жумуш расмий деп эсептелет. Алардын эмгек китепчесинде «мамлекеттик кызматкер» деген жазууну көрүүгө болот.

2. Жүргүнчүлөрдү пресстөө.
Жогорудагы элге бай мамлекеттеги дагы бир кызыктай кесип бул — жүргүнчүлөрдү престөө.
Кытай метросунда кымгуут маалда эл кескин түрдө көбөйөт. Алардын бардыгын вагондорго батыруу алардын негизги жумушу. Өз кызматын алар жүргүнчүлөр былчыйып же аба жетпей демигип калбагандай аткарышы зарыл.

3. Маймыл адам.
Индия дагы элге гана бай өлкө болбостон маймылдарга дагы бай. Адамдардан коркпогон, тамагын талаша турган, бекеттерде поездерге жолтоо боло турган маймылдын балдары адамдарды чоң убарага салат. Мындай убарадан арылтуу үчүн айрым бекеттерде маймылдын кийиминдеги адам ары-бери басып, кичинекей маймылдарды коркутуу менен бирге эле кичинекей балдарга кубаныч тартуулап дагы иштейт.

4. Пингвиндерди тургузуучу.
Бул иш менен алек болуу үчүн Антарктидага баруу зарыл. Негизинен, пингвиндер чалкасына кулашпайт, бирок, ал жердеги аба майданынан көтөрүлгөн учактарды карап жатып, чалкаларынан түшүп калышат. Ал эми пингвин андай абалынан өзү туруп кете албайт. Ар бир учуудан же конуудан кийин пингвин тургузуучу адам аэродромдун тегерегин кыдырып, өйдөлөнгөн байкуштарды тургузуп чыгат.

5. Кезекте туруучу.
Кезек күтүп көп убакыт текке кетирген учурларыбыз көп болот. Ал эми британияда башкалар үчүн кезеке туруу кызматы бар. Бул кызмат саатына 40 баксты түзүп арзан эмес иштердин катарына кирет. Бирок, англичандар үчүн аларды жалдоо арзанга турат, анткени кезекте тура берип жашоосунун бир жылдай убактысын коротушат.

6. Каалоолорду аткаруучу
Балким Сиз киного тартылууну каалайсыз. Же учак башкарып, парашют менен секирүүнү каалайсыз. Же болбосо Сиз менен бир күнү төрөлгөн 20 ар кайсы өлкөлөрдүн адамдары менен таанышууну каалайсыз. Кыялыңыз кандай болсо дагы ага жетүү үчүн чикагодогу кыялдарды аткаруучу компаниясына кайрылыңыз. Алар Сизди жетпей жүргөн кыялыңызга жеткирүүнү убада кылышат. Баса, алардын кызматына бери дегенде 150 миң доллар төлөөгө туура келет. Эгер алгач мынчалык акча табууну кыялдансаңыз Сизге алар жардам бере албайт.

7. Укмуштуудай үйлөрдө жашоочулар.
Бизнес класстагы үйлөрдө жашап, ал аз келгенсип жашаганыңыз үчүн дагы акча алууну кааласаңыз керек. Ушундай жыргал жашоо менен акча тапкандар дагы бар. Бирок, алар, ал жерде жашап жаткан үй-бүлөөнүн сүрөтүн көрсөтүшүп, алуучу адам келгенде башка бизнес класстагы үйгө көчүп кетишет. Мындай көрүнүш бош турган үйгө караганда алуучу үчүн көбүрөөк таасир берет.

8. Дүйнөдөгү эң мыкты жумуш
Эң мыкты жумуш кимдиги деп ойлойсуз? Бейиштей аралда курулган укмуштуудай виллада жашоо үчүн 35 миң талапкердин ичинен Бен Саусхол аттуу адам тандалып алынган. Анын милдети: таш-бакаларды багуу, аралга көз салуу жана интернетте блог алып баруу болгон. Бул конкурс «Дүйнөдөгү эң мыкты жумуш» деп аталган. Максаты аралды жарнама кылуу эле.

9. Кесипкөй уйкучу
Иштеп жатып уктап калган болсоңуз башчыңыздан тил угуп акыңыздан ажырап калышыңыз мүмкүн. Ал эми Нью-Йорктогу заманбап искусство музейиндеги уйкучулар ойго жатса акысынан ажырап калуу коркунучу бар. Музейдин кесипкөй уйкучулары жууркан жамынып уйкуга кетүү менен кызматына киришет анткени алар көргөзмө экспонаты болуп иштешет. Заманбап искусствонун мындай чыгармасы жөн гана «Бул Кейт» деп аталышы мүмкүн.

10. Эстелик адам.
Айрым өлкөлөрдө кеңири таралган бул кесиптин ээлерин эс-алуу жайларда, компаниялар уюштурган иш-чараларда, о.э. шаардын көчөлөрүндө кезиктирүүгө болот. Бир топ убакыт бир кыймылда катыган бойдон эстеликтей туруу жеңил иш эмес. Бирок, бул адамдар кыймылы жок сааттап тура алгандыктан көргөндөр аларды чыныгы эстелик катары кабыл алышат. Ошентип, эч бир кыймыл кылбастан саатына 25 $ 200 долларга чейин акча табууга болот

Ар бир кесип. ардактуу демекчи кайсы кесипти тандабайлы ырыскыбызды адал иш ак мээнет менен табалы.

Төмөндө макаланын кызыктуурак болгон видеоверсиясын көрө аласыз: