КОРГОЛ ДОСУ УУЛУ

КОРГОЛ Досу уулу  (1882–1962, Кетментөбө р-ну) – чебер, өткүр ырчы, талантуу аткаруучу. Атасы баба дыйкан уста, мергенчи, ары чоң комузчу, апасы Үпөл кошокчу болгон. Коргол атасынын бүт күүлөрүн үйрөнүп, айтылуу Ниязалыдан да комуздун бардык жол-жобосун  өздөштүргөн. Коргол  ата-энесинен эрте ажырап көп кыйынчылыкты көргөн. Байга малай болуп, кыйын күндө  жүргөндө  башын бошотуп, эл аралатып,  өнөрүн жөндөп, көп кырлуу чоң  ырчылардан болуп калышына Токтогулдун салымы зор. Ал кыргызга белгилүү көптөгөн эл шайырларын көрүп, алардан да таалим алган, Ниязалы, Жеңижок, Эшмамбетти да көп эскерет, бирок Токтогулду өзгөчө жакын көрүп, пир тутуп, өмүр бою ырдап, даңазалаган. Коргол чындыкты бетке айтып, түз ырдаган, жагымдуу юморго жакын,  өткүр тили менен  өзгөчөлөнгөн  ырчы болгон. Ошондой эле  жүргөн жери күтүүсүз жагымдуу окуялардын, таң-тамашалардын чордону болгон. Ошон  үчүн төкмөнүн эң жакын өнөрлөшү, замандашы атактуу Калык ырчы ага берегидей төп мүнөздөмө берет:

 

Коргол – бул, өткүр ырчы эле,

Кептери кызык, курч эле.

Каалап турган сөздү айтса,

Кары-жаш дебей күлчү эле.

Анан, сымбаттуу келин кыз көрсө,

Сыртынан кайрып ийчү эле.

 

Коргол – эң чебер портретчи. Ал тарабынан Айтыке, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет ж. б. эл шайырларынын портреттери тартылган, ушулардын баарысы тең, айрыкча Барпынын  портретин Коргол бар тарабынан таасын, эч кайталангыстай чебер, элестүү, төп кылып мыкты чыгарган. Санатчылык  –  ырчынын каруусун, күчүн көрсөтүп койчу бул  өнөрдүн

маанилүү бир тармагы. Коргол көлөмү аз болсо да мааниси саз бир катар баалуу санат, терме ырларды мураска калтырды.

Өмүр, жаштык ырлары Корголдун негизги тематикасынын бири. Ал айрыкча «карылыкка” көп кайрылып, анын маани-маңызын, олуттуу жактарын жакшы ачып берген:

 

Калтардан бермет жүн кетти,

Калыбы тайып тил кетти.

«Калжаңдабай отур” деп,

Кемпириме тилдетти.

Белимден кубат, күч качты,

Бетимди сакал, түк басты.

Мөңкүгөн менен  түшпөгөн,

Мага бир, мүйүздүү балээ учкашты.

 

Бул жерде карылыктын канчалык мүшкүл, жашоо жазмышы тартуулаган кадимкидей эле оору экендигин Коргол саал юморлуу, курч тили менен абдан жеткиликтүү тизмектеген. Корголду Корголдун атын чыгарган, анын жандай сүйүп, бүткүл жандүйнөсү  менен балкып ырдаган негизги тематикасынын бири  –  ашыктык ырлары. Чындыгында, анын нукура төкмөлөрүнө  баш ийген терең  философиялуу, ири сүрөткерлигин айкындаган элестүү  жана  көптөгөн нускалуу чыгармалары акындар чынармалыгында кайра жаралгыс баалуу мурастардан болуп калды.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ