КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН АРТИКУЛЯЦИЯСЫ

КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН АРТИКУЛЯЦИЯСЫ – индивиддер жана топтор өз кызыкчылыктарына ылайыкташтырып талаптарды түзүп, бул талаптарын саясий күрөштүн борборуна же саясий чечимдерди кабыл алуучу  чөйрөгө алып чыгаруу процесси. К. а. кызыкчылык топторунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Г. Алмонд жана Р.  Пауэлл К. а-нын мүмкүн болгон стилин мүнөздөгөн бир катар белгилерди санап өтүшкөн: 1) Талаптар ачык-айкын (мис.,  талаптын профсоюздун жетекчилиги тарабынан так түзүлүшү) же латенттүү болушу мүмкүн. Латенттүү убакта  нааразылык жүрүм-турумда же жумуштун жайланышынан байкалат. 2). Талаптар аныкталбаган декларация түрүндө  болушу мүмкүн. «Биз өзгөрүүлөрдү каалайбыз», – жоюнун жолу көрсөтүлбөйт; же айкын түрүндө – мынча процентке  стипендияны көбөйтсүн.

3). Талаптар жалпы (Мис.: айлык акы көбөйсүн же баалар ушул бойдон калсын) жана жеке  (товарга салынган салыктын ставкасы азайтылсын) болот. 4). К. а. инструменталдуу, б. а. макулдашуу формасында  (Мис.: өкмөт менен профсоюздун ортосундагы кагазга түшү-рүлгөн талаптарды аткарса, иш таштоону токтотуу  жөнүндө) жана эффективдүү, б. а. каанаттангандыкты, жини келгендикти, көңүл калгандыкты сезим менен билдирүү. К.  а. саясий системанын кирүүсүнүн функцияларынын бири.