МУКАДДАСИ Шамсидин Абу Абдаллах

МУКАДДАСИ Шамсидин Абу Абдаллах (946–1000) – араб географы, тарыхчысы ж-а саякатчы. М. чыгыштын көп өлкөлөрүн кыдырып чыккан. Чыг-нда Жейхани, ибн Хордадбек, Фатихтин эмгектерин да пайдаланган. Негизги китеби «Ахсан ат-такасим» же «Өлкөнү билүүнүн жолдору». Орто Азиянын ар бир шаары, айылкыштактарына чейин сүрөттөп, алардагы мектептер, мечиттер, базарлар, элдердин кесиби, тили, үрп-адаты тууралуу маалыматтарды калтырган. Кыргыздар ж-а алардын жашаган аймактары ж-дөгү баяндамалары өтө кызыктуу. М-нин пикири б-ча, Өзгөн ж-а Хайлам ш-лары Фергана өрөөнүндө жайгашып, анда кыргыздар жашаган. Ош, Куба-Неси, Мискан, Жидгил (Чаткал), Насрабад, Чүл (Жиль), Барскан, Аблах, Жамукет, Шелжи, Текабет, Кулан (Куланак) Орду, Баласагын ж. б. шаар, айыл-кыштактар ж-дө да жазып, алардын негизги калкы кыргыздар экендигин эскерет. 11–12-к-дагы араб окумуштууларынан айырмаланып, М-нин эмгектеринде, айрыкча геогр. б-ча баалуу маалыматтар, кеңири баяндамалар бар. Анын чыг. француз, орус ж.б. тилдерине которулган.