Педагогика илим жана искусство катарында

К. Д. Ушинский тарабынан коюлган педагогика илимби же искусствобу деген суроону П. П. Блонский карап чыгып,  ал тарбиячыга теориялык билим да, билгичтик да жана талант да керек деп эсептеген. Билгичтикке жеке тажрыйба  жетилтет, жеке чыгармачылыктын натыйжасы бар; талантка ээ болууга болбойт. Бир адам экинчисине кээ бир идеяны  гана бере алат, бирок талантты, иштөөнүн техникасын билдире албайт; ар бир педагог мастер боло алат; теориялык  ойлорду ишке ашыруучу үлгүлөрдү, конкреттүү мисалдарды (демек педагогикалык техниканы)  башка адамга берүүгө  жардам көрсөтөт.  Адамдын ар башка ишмердиги сыяктуу эле педагогикалык ишмердик  –  бул объективдик менен субъективдиктин,  жалпылык менен жекеликтин, зарылдык менен кокустуктун, кайталануу менен кайталанбастыктын биримдиги болуп  эсептелет.  Тарбиячынын келбети, сезими, тапкычтыгы, тактыгы ж. б. көп субъективдүү сапаты тарбиялоо искусствосунун  чындыктуу жана иштиктүү факторлору болот. Педагогдун интуициясынан, б. а. анын жөндөмдүүлүгүнөн, өзүнүн түздөн- түз сезгичтигине таянып ситуацияларга жана кылык-жоруктарга туура баа берүү менен дароо бир чечимге келе  билүүсүнөн да көп нерсе көзкаранды. Бирок, мындан тарбияны ушул факторлордун биргелешкен таасири деп эсептөөгө  болбойт. Тарбия  –  бул өзүнүн ички закон ченемдүүлүктөрү менен болуп өтүүчү бүтүн (бүкүлү) процесс.

Интуиция  тарбиялоонун курчтугуна, тарбиячынын байкагычтыгына гана эмес, ал о. элеанын педагогикалык билиминин жана  тажрыйбасынын байлыгына, тарбиялануучулардын психологиясын түшүнүп билүүсүнө көзкаранды.  Адамды тарбиялоо жагындагы теория менен практиканын өз ара катнашы өзгөчө татаалдыгы менен мүнөздүү.  Педагогикалык ишмердиктин объективдүү закондору анын негизги гана багытын аныктайт; алар белгилүү тенденциялар  сыяктуу ишке ашырылат; педагогикалык закон ченемдүүлүктөрдүн көрүнүш (туюлуш) формалары ар бир учурда ар  түрдүү жана алар конкреттүү шарттарга байланыштуу. Педагогика теориясы көп сандаган бул конкреттүү  ситуацияларды алдын ала билип, ар бир кыйынчылык үчүн көрсөтмө бере албайт. Ошондуктан, И. Гербарт  ырастагандай, теория бир эле  мезгилде талап кылгандан көптү да жана азды да берет (б. а., өзгөчөлөнүп алынган  ситуация үчүн теориялык маалымат мүмкүн ашыкча болгону менен жеке учурда кандайча иштөө керектиги анда  айтылбайт). Бул карама-каршылык педагогикалык практикада чечилет. Педагогика типтүү жагдайларды, типтүү  кыйынчылыктарды белгилейт, педагогикалык каражаттарды камтыйт, аларды ийгиликтүү колдонуунун шарттарын  анализдейт. Мастер-педагог көп каражаттардын ичинен өзүнө керектүүсүн тандап алат. Ар бир жеке учурдун  бөтөнчөлүгүнө жараша ал аны чыгармачылык менен пайдаланат.  Маселелердин, проблемалардын жана ситуациялардын көбү кайталана бере тургандыгына ар бир мугалим өзүнүн иш  тажрыйбасынан көрүп ынанат. Тарбиялануучулар канчалык ар түрдүү болушпасын, алардын жеке мүнөздөрү бардыгына  жалпы болгон белгилүү психологиялык типке таандык болот. Ошондой болсо да педагогикалык ишмердик ар бир  педагогдон чыгармачыл ойлонууну, конкреттүү шарттардын бүткүл көп кырдуу өзгөчөлүктөрүн эске алып иштөөгө даяр  болууну талап кылат. Педагогикалык кубулуштар өтө көп жана ар түрдүү, ошондуктан аларга карата берилүүчү  теориялык көрсөтмө-сунуштар жана педагогикалык чыгармачылык да ар кандай болот.  Педагогикалык ишмердиктин бөтөнчөлүгү педагогикага коюлуучу талаптар менен шартталат. Педагогика  педагогдорду педагогикалык ойлонуу менен педагогикалык процессти уюштуруунун методикасы жана педагогикалык  устаттыктын техникасы менен камсыздайт. Бул техника айрым педагогикалык каражаттарды (сөз, үн, ымдоо-мимика,  жандоо-жестикуляция) пайдалана билгичтик менен эле чектелбейт. Ал о. эле педагогикалык каражаттардын жыйындысы  белгилүү максатты ишке ашыруунун искусствосу – педагогикалык стратегия менен тактика да болмокчу.  Көп ата-энелер атайын педагогикалык билимсиз эле балдарын тарбиялашат деген ой педагогикалык билимдердин  маанисине шек келтирбейт. Эмгектенүүнүн түрлөрүн адамдар ишмердиктин закондору жөнүндө эч бир түшүнүгү  болбогон кезде да пайдаланышкан. Бирок, илимдин таасири менен адамдар эң укмуштуудай жетишкендиктерди,  жаңылыктарды ойлоп табууга жол ачты. Ушул эле  эреже педагогикага да таандык. Кээ бир башка илимдерге (мис.,  математика, физика, химия, биология) караганда педагогикалык теория азыраак иштелип чыккандыгына карабастан,  азыркы педагогика тарбиячыны ага зарыл болгон көлөмдөгү билимдер менен камсыз кылат. Педагогика нын андан аркы  өсүп өнүгүшү менен анын практикалык керектүүлүгү жана мааниси дагы өсө берет.