САЯСИЙ АЗЧЫЛЫКТАРДЫН УКУГУ

САЯСИЙ АЗЧЫЛЫКТАРДЫН УКУГУ – ар түрдүү себептерден улам коомдо көпчүлүк граждандардын умтулуусунан  айырмаланган өзгөчө кызыкчылыктарга ээ азчылыктын тобунун укугу. Кээде алардын кызыкчылыктары мамлекеттин  87   биримдүүлүгүнө, социалдык түзүлүшкө, үстөмдүк кылуучу моралдык саясий көз-караштарга эрегишет. Көбүнчө булар  статусун, жашаган аймагын өзгөртүүгө умтулган этностук азчылык топтору, көпчүлүк колдобогон көз караштардын  жактоочулары (коммунистик, улуттук, экологиялык, феминисттик, диний көз караштар) ж. б. Тоталитардык же  авторитардык режим мезгилинде мындай азчылыктардын болушу моюнга алынбайт же аномалия катары мамиле  жасалат. Алар тарабынан саясий аренада өзүлөрүнүн бар экендиги жөнүндөгү жасалган аракеттери репрессияларга  дуушар болот. Демократия, саясий плюрализм, шарттарында С. а. у. таанылат, бирок алардын уюмдашуу же  кызыкчылыгын көздөгөн саясий партия же кыймылдарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү талаш мүнөзгө ээ болуусу мүмкүн.  Көпчүлүк демократиялык мамлекеттерде күч колдонууну мүмкүн деп тапкан, улуттук жана таптык кастык идеяларын  таркаткан, чек араны, өкүм сүргөн түзүлүштү өзгөртүү үчүн чыгышкан программалуу уюмдардын легалдуу жашоосу  мүмкүн. Идеялык жана саясий плюрализмдин концепциясын – саясий ишмердүүлүктүн чектүү көз караш, идея,  ынандырууга эмес граждандардын жашоосуна жана эркиндигине коркунуч туудуруп, мыйзамды бузган аракеттерге  каршы көрүлгөн чаралардан келип чыгуусу керектелет. Ошол эле мезгилде бул жерлерде согуштан кийинки жылдары  чектелүүлөр болгон. Фашизмдин адамзат үчүн кайгылуу натыйжасын эске алып, Германияда национал-социалдык  партиянын (НСДАП) кайра жаралуусу согушта жеңген державалар, кийин ФРГ тарабынан уруксат берүүгө мүмкүн эмес  деп табылды. АКШ жана ФРГда «кансыз согуштун» курчуган мезгилинде чет өлкө (СССР) тарабынан багытталган,  конституцияга каршы деп коммунисттик партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Кийинчерээк бул өлкөлөрдө  коммунисттердин ишмердүүлүгү легалдаштырылган, бирок ФРГда «профессияларга тыюу» киргизилген. Алар  граждандардын түрдүү көз карашта болуу укугун эч ким талашпайт. бирок алар көпчүлүктөн позициялары менен  келишпесе, мамлекетте бийликтин легитимдүүлүгүнө эрегишпесе, мамлекет мындай көз карашты алып жүрүүчүлөрдү  айрыкча элге таасир тийгизе турган чөйрө-лөрдө (мугалим, почтальон ж. б.) мамлекеттик кызмат менен камсыз кылууга  милдеттүү эмес деп ойлошкон.

БУУнун бир катар Декларациялары (1978-ж. 27-ноябрынан раса жана расалык көз караш  жөнүндө, 1978-ж. 28-ноябрынан массалык маалымат каражаттарынын адам укугунун жана расизм, апартеидге каршы  күрөштүн өнүгүүсүнө, тынчтыкты жана эл аралык өз ара түшүнүүнү бекемдөөдө кошкон салымынын негизги принциби  жөнүндө ж. б.) бар. БУУнун катышуучулары өз аймактарында адам укугуна шек келтирип, күч колдонууга багытталган  идеялардын үгүттөлүшүнө жол бербөөгө милдеттендирилген. Бирок бул конвенцияларды ишке ашыруу көп  тоскоолдуктарга учуроодо. Бардык эле өлкөлөр алардын катышуучулары эмес, улуттун мыйзам чыгаруулары түрдүү,  башкасы сөз эркиндигинин укугунан алып салууну актай турган так, ачык критерийлер жок. С. а. у. проблемаларынын  башка да аспектиси бар. Алардын көз караштары сыртынан таң калаарлыктай болгону менен чыныгы кызыкчылыктарды  жана коомдун алдында турган маселелерди чагылдырат. Бул кызыкчылыктарды саясий чагылдырууга тыюу салуу  алардын аракеттеринин ачык зордук зомбулук түрүндө чыгуусуна алып келет. Этностук жана диний азчылыктын  өзүлөрүнүн статусуна нааразы болушунун күрөшү, пайда болуп келе жаткан кыймылдын чегинде экстремисстик  фракциялардын пайда болушуна алып келет. (Ольстердеги Ирландиялык республикалык армия, АКШнын негритандык  кыймылындагы «Кара кабыландар» (Черные пантеры). Алар зордук-зомбулук жана террор жолуна түшөт. Бүткүл  кыймылды экстремисттик мыйзамдан тышкары деп кабыл алып, пайда болгон маселени күчкө салып чечүү аракеттери  чанда гана өз жыйынтыгын берет. Тескерисинче, кыймылды саясий легалдаштыруу анын чегинде талаптары диалогдун  предмети болгон мелүүн фракцияларды ачууга мүмкүндүк берет. Эгерде сөз маданияты, каада-салтты, үрп-адатты  сактоо, дискриминацияга туруштук берүү, кээ бир учурларда өзүн-өзү башкарууну, автономияны талап кылган  этностуккыймыл жөнүндө жүрсө талаптар аткарылышы мүмкүн. Практика көрсөткөндөй компромисс, диалог жолу  мелүүн топтордун таасиринин күчөшүнө алып келет. Бул болсо топтордун жетишкен легалдуулукту баалосуна;  экстремисттик фракцияларды обочолонтконго мүмкүндүк берет. С. а. у. үчүн күрөшкөн кыймылдарга сабыр кылуу менен  мамиле кылуу саясий системалардын стабилдүүлүгүнүн даражасын жогорулатат. Өз каалоолорунун олуттуулугун  көрсөтө алган азчылык аз сандагы партия болуу менен бирге жетектөөчү саясий күчтөрдүн союздашы катары «чоң»  саясатка таасир тийгизе алышы мүмкүн. Башкача чечилүүсү да мүмкүн, тактап айтканда, саясий азчылыктын ураандарын  жана программалык талаптарынын жетекчи партиялар тарабынан алынып, толук же кандайдыр бир деңгээлде ишке  ашырылышы. Мындай окуя экологиялык кыймыл менен болгон өзүнүн өнүгүүсүнүн баштапкы фазаларында алар аз санда  болуп, өзүлөрүнүн аракеттери менен (экологиялык коркунучтуу объекттерди пикетөө, токойлорду кыюуга алып келүүчү  курулуштарга тоскоолдук келтирүү, жаныбарлардын терисинен кийим кийгендерге зордук-зомбулук көрсөтүү ж. б.) көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Бир катар өлкөлөрдө (Австрия, Германия) «экологиялык экстремизм» жумушчу орундарын  жоготуу коркунучун туудурган, профсоюздардын кызыкчылыктарына каршы деп бааланган. Убакыттын өтүшү менен  адамдын жашоо чөйрөсүнөн сакталышы үчүн тынчсыздануунун тууралыгы жана негиздүүлүгү жалпы коомчулук  тарабынан таанылган. Көп өлкөлөрдө катуу экологиялык мыйзамдар кабыл алынган. Жаратылышты коргоо боюнча  чаралар комплекси иш жүзөгө ашырыла баштаган. Натыйжада, 80-ж. өзүн олуттуу саясий көч катары көрсөткөн  экологиялык кыймыл өзүнүн функциясын кайсы бир деңгээлде ишке ашырган, бир катар өлкөлөрдө маргиналдуу саясий  топтордун позициясына өткөн. Экологиялык кыймылдын мисалы көрсөткөндөй, С. а. у. үчүн күрөшкөн кыймылдар орун  алып калган ой-пикирлерге эрегишип, кандайдыр бир альтернатива сунуш кылышса, ийгиликке жетүүгө  мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок бул процесстер цивилизациялык жол менен ишке ашырылышы керек. Азчылык көпчүлүккө  өзүлөрүнөн ой-пикирин, көз карашын, жашоо өзгөчөлүктөрүн легитимдүү эмес аракеттер менен таңуулабайт. көпчүлүк  С. а. у. анын ичинде өзүн-өзү саясий аныктоо эркиндигин тааныйт. Бул жол адам укуктарын таануу керектиги жөнүндө  коомдун ишенүүсүн талап кылат.