САЯСИЙ СОЦИОЛОГИЯ

САЯСИЙ СОЦИОЛОГИЯ – 1) социологиянын тармагы; коом менен өз ара аракети аркылуу жана коомдун социалдык  структурасынын, институттарынын жана процесстеринин көп түрдүүлүгү жана татаалдыгын анализдөө менен  саясаттын көрүнүшүн изилдейт; 2) Саясат таануу, саясий психология менен катар бирдиктүү саясий илимдин бөлүгү.  С. с-нын негизги предмети: саясий бийлик, анын жашоосунун жана индивиддердин, социалдык-таптын, топтордун,  этностук-конфессионалдык биримдиктер жана алардын уюмдарынын реалдуу аң-сезимин, кызыкчылыктарын жана  жүрүм-турумун изилдөө менен байланыштырып, мамлекеттик-уюмдашкан коомдо бөлүштүрүүнүн формалары жана  ыкмалары болот. Адистешкен тармак катары С. с. батыш маданиятынын чегинде ХХ к. 30–50-ж. гана ырасталса, анын  предметтик бөлүгү жана саясатты социологиялык жактан кароо байыркы грек ойчулдары, баарынан мурда Платон жана  Аристотель тарабынан белгиленген. Акыркысы мамлекеттин социологиялык теориясынын негизин түзүүгө айрыкча  салым киргизип, саясий илимдин идеяларын жана кээ бир принциптерин негиздеген. Кийинчерээк саясатты жана  мамлекетти социологиялык түшүнүүнүн түрдүү аспектилерин Н. Макиавелли, Ж. Боден, Т. Гоббс, Ш. Л. Монтескье, А.  Токвиль сыяктуу жаңы мезгилдин көрүнүктүү теоретиктери иштеп чыгышкан. Чыныгы С. с. орношуна чечүүчү салымды  француз энциклопедисттери: А. Сен-Симон, Ж. Локк, А. Фергюссон, немец философтору: Г. Гегель, жана К. Маркс  тарабынан киргизилген граждандык коом менен мамлекеттин теориялык айырмалануусу, кийин ХIХ к. экинчи  жарымынан социологиянын өз алдынча илимий дисциплина катары калыптанышына чечүүчү салым кошкон.