САЯСИЙ СОЮЗДАР, КОАЛИЦИЯЛАР ЖАНА БЛОКТОР

САЯСИЙ СОЮЗДАР, КОАЛИЦИЯЛАР ЖАНА БЛОКТОР (коомдо) – эки же бир нече саясий партиялардын  ортосунда тигил же бул коомдук-саясий катмарлар жана топтордун бийлигине ээ болуу жана аны ишке ашыруу үчүн  болгон келишим. Көбүнчө алар бирдиктүү түрдө бир нече партиялардын өкүлдөрүнөн парламенттик көпчүлүктү түзүп,  ошонун негизинде өкмөттү негиздөө үчүн биригишет. С. с., к. ж. б. көп партиялуу системасы бар өлкөлөрдө,  парламентте бир да партия көпчүлүккө ээ болбой же бир партияга туруктуу парламентти түзүүгө мүмкүндүк бербеген  салыштырмалуу көпчүлүккө ээ болгон мезгилде кеңири колдонулат. Эреже катары, С. с., к. ж. б-тор кийинчерээк  коалициялык өкмөттүн түзүлүшүнөн мурда шайлоо блогу түзүлөт. Ал президентти, бийликтин өкүлчүлүк органдарына  шайлоодо бирдиктүү талапкерлерди же талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча эки же бир нече саясий  партиялардын келишими болот. Көп өлкөлөрдө (ФРГ, Франция, Швейцария, Индия, Австралия) шайлоо блокторунун  түзүлүшү шайлоо мыйзамдары менен теске салынса, экинчилеринде – мыйзам С. с., к. жана б-дун түзүлүшүнө  тоскоолдук кылбайт. Бирок, эреже катары, партия шайлоодо өзүнүн атынан гана чыга алат. ХДС(ХСС немец  партияларынын саясий союзу өзгөчөлөнөт, бирок алар да айрым региондордо өз алдынча аракеттенишет. Партиялар,  шайлоо блогунун түзүлүшү жөнүндө шайлоого чейин (1995-ж. Франциядагы парламенттик шайлоо) же добуш берүүнүн  акыркы натыйжаларын аныктоонун алдында билдирүү жасашса болот. Биринчи учурда алар күн мурунтан же бирдиктүү  талапкерлерди, же талапкерлердин тизмесин көрсөтүшөт. Бир гана талапкер шайлануучу бир мандаттуу округдарда блок  түзүүдө блоктун партияларынын бири келишим боюнча биринчи же кийинки турларда өзүнүн талапкерлерин алып  таштайт да, өз шайлоочуларын коалициялык партиянын талапкерлери үчүн добуш бергенге чакырат. Көп мандаттуу  округдарда (бир нече депутат шайланат) блоктогу партиялар жалпы тизмени көрсөтүшөт, алынган мандаттарды берилген  добуштарга ылайык өз ара бөлүштүрүшөт. Шайлоо блогунун же коалициясынын (Австралия) союзу преференциялдык  добуш берүү жолу менен ишке ашкан формасын белгилей кетүү зарыл. Ал биринчи турда эле натыйжалуулукту камсыз  кылган ыкма катары абсолюттук көпчүлүктүн мажоритардык системасында пайдаланылат. Преференциялдык добуш  берүүдө шайлоочу бюллетенде кимдин биринчи, экинчи ж. б. кезекте шайлануусун каалайт, сан менен (1, 2, 3) өздүк  префенцияларын коюп чыгат. Добуш берүүлөрдүн натыйжасын аныктоодо алгач, биринчи преференция боюнча  талапкерлер чогулткан добуштар гана саналат. Эгерде талапкердин эч кимиси добуштардын басымдуу көпчүлүгүнө ээ  болбосо, эң аз добуш алган талапкерлердин добушу биринчиге кошулуп, өзү кийинки эсептөөдөн чыгарылат. Бул  эсептөөнүн процедурасы талапкердердин кимдир-бирөөсү зарыл болгон сандагы добушту алмайынча кайталана берет.  Преференциялык добуш берүүнүн түрлөрү – альтарнативалык добуш берүү, бирдиктүү берилген добуш берүү системасы  – Индия менен Ирландияда пайдаланылат. Пропорционалдык өкүлчүлүк системасына кошумча болуп, партиялык  тизмеде мандатка укук алган талапкерлерди аныктоо ыкмасы катары преференциялык добуш берүү колдонулат (Италия).  Шайлоолор эки турдан өткөрүлгөн өлкөлөрдө (аралаш, мажоритардык-пропорционалдык система), шайлоо блоктору,  эреже катары, биринчи турда бир да талапкер берилген шайлоо округунда бардык добуштардын басымдуу көпчүлүгүн  албай калган учурда (Франция) гана түзүлөт. Шайлоо коалициясынын өзгөчө көп түрдүүлүгү катары тизмелердин  биригишин эсептесе болот. Эгерде партиялардын ортосунда алардын тизмеси үчүн берилген добуштарды бир тизме үчүн  берилген сыяктуу каралуусу жөнүндө келишим болсо, анда шайлоочу өзүнүн партиясы үчүн добуш берет, бирок анын  добушу башка партиянын талапкери үчүн эсептелүүсү мүмкүн. Шайлоо коалициясы парламенттик коалиция же блок  формасында түзүлүп, коалициялык өкмөттү түзүүгө алып барат. Парламенттик коалиция парламенттик көпчүлүктү түзүү  үчүн бир нече партиялардын келишиминин негизинде түзүлүп, Өкмөт ошол көпчүлүктөгү партия тарабынан негизделген  тарыхый прецеденттер да орун алган. Мис., Италиянын 1976–79-ж. бир партиялуу ХДП өкмөтү алты партиянын  парламенттик көпчүлүктү түзүү жөнүндөгү шайлоодон кийинки келишимине таянган. Бирок парламентте көпчүлүккө ээ  болгон парламенттик коалиция, адатта коалициялык өкмөттү түзөт. Эгерде бул көп жылдан бери уланып, салт болуп  калган болсо, анда өкмөттөгү орундар адаттагыдай эле бул же тигил партияга берилет. ФРГда тышкы иштер  министрлиги салттуу түрдө СвДПнын өкүлдөрү башкарышат. Кээ бир өлкөлөрдө эки жетектөөчү партиялардын же  блоктордун күчтөрү тең болгондо үчүнчү партиянын («үчүнчү күч») ролу чечүүчү болот. Кайсы партия «үчүнчү күчтү»  коалицияга макулдата алса, анда ошол партия өкмөт түзө алат. Бул коалицияны «кичи» деп аташат. Анын түрлөрүн  ФРГнын саясий тарыхында жолуктура алабыз: СвДП бирде СДПГ, бирде ХДС/ХСС менен коалицияга барып турган. Бул  өлкөнүн тарыхынын «чоң коалицияга» мисал алсак да болот. Бул учурда жетектөөчү партиялар союз түзүп «үчүнчү  күчтү» оппозицияга калтырышат. Саясий коалициялардын дагы бир тарыхый тиби бар, ага бир партиянын дайыма  салыштырмалуу көпчүлүккө ээ болушу менен катар анын туруктуу өкмөттү түзүүгө күчүнүн жетишсиздиги мүнөздүү.  Италияда 1947-ж. борбордук орунда ХДП турган, ал акыркы убакытка чейин эки гана жолу 80-ж. башында жана  ортосунда өкмөттү түзүү укугун өзүнүн парламенттик коалиция боюнча кичи партияларына берген. Калган мезгилде  ХДП традициялуу өкмөттү жетектеп, союздаштарын гана өзгөртүп турган. Бул коалициялар центристтик,  оңчулцентристтик жана солчулцентристтик деп аталышат. Биринчи учурда партиялардын кимиси биринчи кезекте  ХДПнын союздашы катары каралат, ошого байланыштуу. С. с., к. жана б-дун формалары бардык убакта конкреттүүтарыхый жана жетектөөчү саясий күчтөрдүн стратегия жана тактикасына кирет. Жетектөөчү партиялардын басымдуу  көпчүлүккө ээ болбой калган учурларында азчылыктын кабинеттерин түзүү сыяктуу саясий ыкмаларды колдонуу да көп  кездешет (Улуу Британия, кээ бир учурларда континенталдык Европанын өлкөлөрү). Бирок, Скандинавияда азчылык  кабинети жалпы эреже болуп калган. Ал оңчул жана центристтик партияларга социал-демократтык көпчүлүктүн  өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн кыйыр көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берет. Башкаруучу партиянын же коалициянын  алмашуусу менен байланышкан саясий кризистерди жеңүүнүн дагы бир саясий формасы болуп, парламентти же анын  палаталарынын бирин таркатуу эсептелинет. С. с., к. ж. б-дун практикасы жана теориясы авторитардык жана  тоталитардык режимдерде формалдаштырылат. Башкаруучу партиянын ролу мыйзамдаштырылат, калгандары реалдуу  саясатты аныктоого мүмкүнчүлүгү жок, көп партиялуулуктун көрүнүшүн сактап туруу үчүн гана блокко киргизилет.  «Коммунисттердин жана партияда жоктордун блогунда» блоктордун системасы абсолюттук формалдаштырууга жеткен.  Бул саясий абстракция бир катар өлкөлөрдөгү бир партиянын үстөмдүгүн жаап-жашырып турган.