ТИМУРИЙЛЕР МАМЛЕКЕТИ

ТИМУРИЙЛЕР МАМЛЕКЕТИ – 1370–1507-ж. Мавераннахр, Хорезм, Хоросанды камтыган дөөлөт. Аксак Темир Көрөгөн негиздеген. 1407–47-ж. Т. м-н Тимурдун уулу Шахрух (1377–1447) бийлеп турган. Анын байтактысы Герат ш-нда болгон. Шахрухтун уулу Улугбекти Самаркандын башка-руучусу кылып дайындалган. Иш жүзүндө Самаркан Шахрухка көзкарандысыз өз алдынча мамлекет болгон. 1447-ж. Шахрух өлгөндөн кийин Улугбек бүт өлкөнү башкарып калган. 1469–1506-ж. өлкөнү Султан-Хусейин бийлеп турган мезгилде Гераттын маданияты абдан өнүккөн. Султан-Хусейндин 1507-ж. уулдары Бади-аз-заман ж-а Музаффар-Хусейндин тушунда өлкөнү Шейбани хан жетектеген көчмөн өзбектер каратып алган. ТОГЛУК-ТЕМИР – 1348–1363-ж. Моголстанды бийлеген хан. Чагатай тукумунан чыккан. 16-к-дын 70- жылдарына чейин Борб. Теңиртоону ж-а Чыгыш Түркстанды ээлеген. Моголстан дөөлөтүн негиздеген. 1360-ж. Аксак Темир ага убактылуу баш ийип турган. Т.-Т. өлгөндөн кийин такка уулу Илйас-Кожо (1365–1366-ж. өлтүрүлгөн) отурган.