ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ (14 к-да жашап өткөн) – легендарлуу манасчы, төкмө акын. «Манас» эпосун эң алгач ким айтканы илимге азыр белгисиз. Эл ичинде уламыш боюнча  кырк чоронун көрүнүктүүлөрүнүн бири «Ычкыры бапик кырк  мууну, Ырамандын Ырчы уулун (өз аты Каратай) Манас каза болгондо, анын эрдигин, эл-журтка сиңирген эмгегин, кылган кызматын кошок кылып айткан экен. Кийинчерээк ошол кошокторду жана  эл оозунда айтылып келе жаткан аңыз сөздөрдү бир сюжетке бириктирип Токтогул ырчы эпоско айландырып айткан экен. Эпостордун жаралуу процессинин жүрүшүнөн алганда бул уламышта чындыктын  үлүшү  бар. Дүйнө элдеринин баатырдык эпосторунун чагылдырган окуясы аны жараткан элдин алгачкы мамлекети жаралып, жогорулоо учурундагы тарыхый окуяларга туура келет да эпостун чордону-эпикалык борборду түзөт. Бирок, эпос эпикалык борбор болгон тарыхый окуяга удаа жаралбайт. Ички-тышкы душмандар тарабынан алгачкы мамлекет кулап, тышкы жоого көз каранды болуп, элдин баштагы гүлдөгөн турмушу бузулуп,  ошондой күндөрдө  көз карандысыз эркин жашоону эңсөө жана  ал  үчүн күрөшүү,  өткөндөгү  даңазалуу эркин күндөрдү  үлгү, идеал катары тутууга, натыйжада аны унутпай кайра-кайра эске түшүрүүгө  алып келет. Экинчиден, тарыхый баатырдык эпосту түзүү  үчүн алгачкы мамлекеттин тушунда элдин көркөм ойлоосундагы тажрыйбасы акырындап артып аларды жалпылоо, жыйынтыктоо деңгээлине көтөрүлүшү  керек. Мындай тажрыйбага ээ болуу менен эмнеге умтулуу керектигин, эмнени идеал тутуп күрөшүү керектигин тактап алат. Мындай узак убакта эл ошол эпоско ядро болгон тарыхый окуяны дал өзүндөй эмес, көркөм ойлоонун фантазиясында укмуштанган аңыз сөздөр, уламыштар, жаңы көз караш, жаңы тарыхый окуялар менен байытат. Натыйжада көркөм сюжетке ээ кара сөз түрүндөгү элдик оозеки

чыгарма пайда болот. Ошону эл ичинен чыккан таланттар кайрадан иштеп, ырга айлантып, эпостук деңгээлге көтөрүп чыгат. Мындай процессти «Манас» да башынан өткөргөн. Борбордук Азияда улуу державалык даражага жетишкен (XI – XII к.) монголдорго (XII – XIV к.) көз каранды болуп, натыйжада, ошол алгачкы эркин мамлекетин кайра-кайра эске түшүрүп, ошол мезгилдей болууну эңсей берүү, экинчиден ушул узак аралыкта тажрыйбасы артып, тарыхый баатырдын эпосту жаратууну шартташы «Манас» эпосунун жаралышын талап кылды. Мына ушул улуу миссияны Токтогул алгач

колго алган болуу керек. Кыргыздын бардык жеринде «Манас» айтуу бышып жетилип, оргуп атылчудай булак көзү ачылбай тургандай шартта бул жаңылык дүрт деп жанып, элдик таланттардын биринен бирине өтүп, тез эле тарагандай түрү бар.

Токтогул деспот бийликке ар дайым каршы туруп, «Жалпы журт көргөн жабыры, жайын айтып козгогон» демократ акын болгонун биздин күндөргө сакталып жеткен аз сандагы эле ырларынан даана көрүнөт. Мисалы, Жаныбек хандын залимдигин, зулум зордукчул экенин тартынбастан:

«Эр өлтүрүп кун бербей,

Талап алып пул бербей,

Канкордугуң арбыды.

Сенден кордук көрбөгөн

Түрк баласы калбады» – дейт. Же болбосо эл астында Жаныбектин зордукчулдугун минтип ашкерелейт.

«Зили душман калмактан

Көрдүк далай кордукту,

Келип-кызга ээ кылбай,

Кылып түрдүү зордукту.

Аябады жаныңды,

Алып турду малыңды,

Кызыл талак ит калмак

Кызылдай сорду каныңды».

Токтогул жеке Жаныбек эмес, өз заманында бет келген ар бир деспотту ашкерелеп, сындап ырдаган түрү бар. Мисалы Амир Темирдин кыргыздарга башчы койгон Кудаян ханды: «Өз атаң Сарысейиттен Мажик чолок, адамзат бул дүйнөгө келген конок, динине киргизем деп Мукамбеттин, Конокту кордук кылдың  боюн тоноп, кескениң  Темиркандын душманы, Кудаян бул айтканың жалган жомок, арбагы Кыргыз кандын сени урар, Кыргызды кыйын кыйнап кылдың домок». Албетте, элдин таламын талашып, деспотторго каршы ырдоо ал учурда жазасыз калмак эмес. Жаныбек кандан зор кордук тартса, Амир Темирдин зынданына түшүп, акыры дарга асылып өлгөн. Токтогул өтө назик лирик акын. Анын сүйүүгө арналган айрым ырлары бизге жетип олтурат:

«Көзүмдү жумсам түш көрөм,

Көктөгү учкан куш белең.

Кайберен болуп бутаңа,

Качан бир жүрүп туш келем.

Арманда жатып түш көрөм,

Айланып учкан куш белең?

Акмарал болуп бутаңа,

Акмырзам качан тушкелем».

Ассонанс, аллитерация, куюлушкан уйкаштык менен шөкөттөлгөн бул ырда лиризм кандай күчтүү. Жалындаган ышкы кумары шаркыратып төгүлгөн. Деспоттордун заманында акындын бул улуу махабаты муң-кайгы менен аяктайт.

«Сүйүүгө акмын, тазамын,

Көтөрөм бардык жазаны.

Сүйгөнүң үчүн Акмырза

Тартасың сен да азабын.

Капаска түштүк экөөбүз,

Сайрашып жүрүп өтөбүз,

Ширинин татпай дүйнөнүн

Чырактай бир күн өчөбүз».

Токтогул сүйүүдөн башка лирикада да адамдын көңүлүн толкутуп ой-санаага салган акын. Анын зынданда жатып чыгарган элегиялары формасы жагынан да,  өтө  чебер образдуулук менен айтылган ички көркөм мазмуну жагынан  өтө бийик деңгээлде турушу буга күбө.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ