УЗАКБАЙ АБДУКАИМОВ

Абдукаимов биринчи адабий тажрыйбаларын кыргыз совет адабиятынын алгачкы мууну менен тең чамалаш эле баштаган. Маселен, жаш автор 1928—1929-жылдарда «Жаңы маданият жолунда» деген журналда «Таң атканда» (№ 6—7), «Бакты жолунда» (№2 8—9 аңгемелерин жарыялайт. Анын үстүнө У. Абдукаимов көркөм адабий ишмерликке 1922—1925-жылдарда Ташкендеги Казак-кыргыз агартуу институтунда, кийин Фрунзедеги педтехникумда окуп, билим жагынан да бир кыйла даярдык менен киришкен. Анткен менен ал өзүнүн накта адабий мурасын жаратуу зарылдыгын кийин сезип, ага элүүнчү жылдардын аяк ченинде гана баш койду.

 

Рефератты көчүрүү