Метка: кат

ЖАРЛЫК

Жарлык мамлекет башчысы тарабынан чыгарылуучу ченемдик же индивидуалдык акт болуп саналат. Жарлык менен мамлекеттик орден, медалдар, ардак наамдар, дипломатиялык рангдар ыйгарылат, өлкөгө өзгөчө кырдаалдар киргизилет ж.б. Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Бул иш кагаздары ар түрдүү министрликтер, ведомстволор жана башка мекеме, уюмдар тарабынан жетекчиликке

Кененирээк окуу

ИШЕНИМ КАТ

Ишеним кат – бул бир жактын (ыйгарым укук берүүчү) экинчи жакка (ыйгарым укукка ээ болуучу) жазуу түрүндөгү ишеним артуусу, ыйгарым укук берүүсү. Башкача айтканда, жеке кишинин, жамааттын же уюмдун кызыкчылыгын көздөп, алардын атынан иш жүргүзүү үчүн башка бирөөгө берилген расмий документ.

Кененирээк окуу

ТОКТОМ

Токтом мамлекеттик маанидеги буйрук, көрсөтмөнү аткаруу боюнча кабыл алынган нормативдик документ. Ал республиканын Өкмөтү, министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтери жана башка аткаруу түзүмдөрүнүн башкаруу органдары тарабынан пландык иш-чараларды, көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу үчүн чыгарылат. Токтом жазуу формасына, түзүмүнө жана аткаруу мөөнөтүнө

Кененирээк окуу

МААЛЫМ КАТ

Маалым кат – тигил же бул фактыны же окуяны тастыктоочу, сыпаттоочу мазмундагы документ. Маалым катты негизинен 2 түргө ажыратышат. Биринчиси, кызматтык мүнөздөгү факты жана окуя жөнүндө маалымат берилүүчү маалым каттар. Ал тиешелүү мекеменин жетекчилиги, жогорку органдардын талабы же көрсөтмөсү менен даярдалат. Анда изилдөө,

Кененирээк окуу

ЖОБО

Жобо – мекеме, уюм, ишканалардын жалпы ишмердигин нормага салган, алардын түзүмүн, функциясын, ички бөлүнүштөрүн, же кандайдыр бир кырдаалга байланыштуу (ЖАКтын акционерлеринин жалпы чогулушун чакыруу жана өткөрүү тартиби боюнча жобо, Келишимдерди түзүү жана аткаруу тартиби боюнча жобо ж.б.) иш-аракеттеринин тартибин аныктоочу, мамлекеттин аракеттеги мыйзамдары жана

Кененирээк окуу

ТИЛ КАТ

Уюм, мекеме же жеке адамдардан бир нерсени алуу фактысын тастыктоочу документти тил кат дейбиз. Ал колдо же компьютерде бир нускада даярдалып, анда башка бир документти (нускоо, чакыруу, эскертүү), буюм же акчаны (саны цифра менен көрсөтүлүп) алгандыгы жазылган болот. Тил катта оңдоо, өчүрүү,

Кененирээк окуу

КӨРСӨТМӨ

Көрсөтмө – маалымат-усулдук мүнөздөгү маселелер боюнча жогору турган уюмдун, мекеменин буйруктарын, нускамаларын жана башка ченемдик-укуктук актыларын аткарууну уюштурууга байланыштуу мамлекеттик башкаруу органы тарабынан жазылган укуктук акт. Мекеме, уюм, ишканалардын жетекчилери да оперативдүү жана административдик (кызматкерлерди иш сапарга жөнөтүү, чыгашаны төлөтүү

Кененирээк окуу

ТҮШҮНҮК КАТ

Ишке тиешелүү ар кандай окуя, көрүнүш, фактынын себептерин түшүндүрүп жазып берүү менен байланышкан иш кагазы түшүнүк кат болот. Түшүнүк каттын дагы бир түрү негизги документтин (план, отчёт, долбоор ж.б.) кээ бир жоболорунун мазмунун түшүндүрүп берүү максатында жазылышы мүмкүн. Ички түшүнүк кат жаран,

Кененирээк окуу

БИЛДИРМЕ

Милдеттендирилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүү, чет өлкөгө жасалган иш сапарынын бүткөндүгү, иш-чаралардын жыйынтыкталганы ж.б. тууралуу жетекчиликке, уюм, мекемелерге жиберилген расмий иш кагазы билдирме болот. Кээ бир мекеме, уюмдарда билдирме кызматтык кат деген аталышта колдонулуп жүрѳт. Билдирме арналышы жана түзүлүшү боюнча баяндама катка

Кененирээк окуу

БАЯНДАМА КАТ

Баяндама кат – аткарылган иш, түзүлгөн кырдаал, орун алган көрүнүш жөнүндө маалымдоочу иштеген уюмду же жогорку мекеменин жетекчисине жазылган иш кагазы. Ал өз ичине түзүүчүнүн корутундуларын жана сунуштарын камтыйт. Баяндама кат кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча да, жетекчиликтин көрсөтмөсү боюнча да даярдалат. Мазмунуна

Кененирээк окуу