Метка: Манас

АЛБАРС

АЛБАРС — сапаты эң жакшы болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы жана башка жоо- жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш

Кененирээк окуу

АКМАТ ТОКТОГУЛ УУЛУ

АКМАТ Токтогул уулу (1912, Өзгөн району, Кош-Этер айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. А-тын атасы өз учурунда чоң жомокчулардан болгон; ал Токтомуш деген бийдин эки жоргосун багып, кайда барса аны менен чогуу жүрүп, көп жомокчу, ырчыларга жолугат; «Манас» айтууну

Кененирээк окуу

АЙЧҮРӨК

АЙЧҮРӨК — үчилтиктин «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн негизги каармандарынын бири. Манасчылар А-түн түпкү тегин периге же кайыпка байланыштырат. Саякбай Каралаевдин вариантында оогандын каны Акун перинин жаңы төрөлгөн кызын талаадан таап алып тарбиялагандыгы айтылат А. катышкан окуянын чордону «Семетей», «Сейтекке» тиешелүү болсо

Кененирээк окуу

АДАМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

АДАМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ — «Манас» эпосунда дүйнөнү, өзүн курчап турган чөйрөнү аң-сезимдүү, максатка ылайыктуу өзгөртүү жана кайра түзүү багыттарындагы адамдык аракеттердин көп түрдүү формалары катары көрүнөт. Анын ичинде коомдун, элдин турмушунун бардык чөйрөлөрүнөн орун алуу менен, асыресе материалдык жана рухий жактан

Кененирээк окуу

АЛАЙ

АЛАЙ — топоним. «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарында кыргыз уруулары байыртан мекендеп келе жаткан белгилүү жерлердин бири катары: «Орозду деген агаң бар, жайлайт деп угам Алайды» (Сагымбай Орозбаков, 1. 118), «Кең-Алайды жердеген, андагы нойгут эл деген» (Саякбай Каралаев, 1. 218),— деп

Кененирээк окуу

АКМАТ РЫСМЕНДЕ УУЛУ

АКМАТ Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй районунундагы Шамшы айлы — 1966, ошол эле жер) — семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакирти. Октябрь революциясына чейин жалчы, Совет бийлиги орногондон кийин колхозчу. 1930- ждардын аягынан Кыргыз мамл. филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары Чүй

Кененирээк окуу

АЙТЫШ

АЙТЫШ — кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. А. ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын А-ы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон

Кененирээк окуу

АДАМДҮК

АДАМДҮК — мифологиялык кейипкер. «Манаста» А. дөөнүн образы жамандыктын символу катарында берилет. Анын жомоктук образы Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири чагылдырылган. Эпостун «Дөө-пери жомогу» деген эпизодунда Кутубий адамдын алы жетпөөчү А-тү маңдайындагы жалгыз көзүнө атып өлтүрүп, ал туткундаган адамдарды бошотуп, байлыгын

Кененирээк окуу

АКЫР-ТАШ

АКЫР-ТАШ — Манас жана Семетейдин ысымдарына байланышкан ошондой кылымдагы эстелик. Казак ССРинин Жамбыл областында. Жамбыл шаарынын 35—40 км чыгышында Фрунзе — Жамбыл темир жолундагы Ак-Чолок станциясынан 5 км алыстыкта. Уламышта А.-Т-ты Манас уулу Семетей экөө салган делет. Семетей тоодон таш

Кененирээк окуу

АК МАРАЛ

АК МАРАЛ — байыркы түрк-моңгол элдеринин көпчүлүгүндө тотем жаныбар. «Манас» үчилтигинде каармандарды түрдүү кырсыктардан сактоочу, колдоочу дух катарында милдет аткарат. «Семетей» эпосу боюнча Абыке, Көбөштөн кордук көргөн каралуу Каныкей балтыр бешик Семетейди, кары Чыйырдыны алып качып, Кайыпчынын кара үңкүрүнө жетип

Кененирээк окуу