Метка: саясат

ЛИ

ЛИ – байыркы Кытай философиясындагы өзүнүн мааниси боюнча көп кырдуу түшүнүк, бирок аны которгондо  «церемони» (шаан-шөкөт), «ритуал» (жөрөлгөнү өткөрүү тартиби, урматтоочулук, асыл зат) деген сөздөрдө түшүндүрөт  (бул салт, үрп-адат, каада, ырым-жырымдар жөнүндөгү түшүнүктөр). Ли – мурасчы аристократтар өздө-рүнөн  үстөмдүгүн жүргүзүүдө

Кененирээк окуу

КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН АГРЕГАЦИЯСЫ

КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРДЫН АГРЕГАЦИЯСЫ – өкмөттүк структураларга берилген көптөгөн жеке талаптарды бир  өңчөйлөштүрүүчү процесс. Талаптардын көп түрдүүлүгү белгилүү ырааттуулукка ээ болуп, иерархиялык мамилелер  бекемделет. К. а-нын жардамы менен кээ бир саясий талаптар күчүнө чыгып, компромисттик формага ээ болуп же  жарабай калышы мүмкүн.

Кененирээк окуу

КОНСЕРВАТИВДИК ПАРТИЯЛАР

КОНСЕРВАТИВДИК ПАРТИЯЛАР тарыхта К. п. мамлекеттик жана коомдук турмуштун формаларын биринчи  кезекте улут, дин, үй-бүлө, менчик, никеде чагылдырган анын моралдык — укуктук негиздерин сактоого жана колдоого  багыт алган саясий идеологияга негизделет. Биринчи жолу «консерватизм» терминин француз жазуучусу Ф. Р.  Шатобриан

Кененирээк окуу

МАСАЛИЕВ Абсамат

МАСАЛИЕВ Абсамат (1933, Кадамжай р-ну, Алыш айлы – 2004, Бишкек) – партиялык ж-а мамл. ишмер. 1960-жылдан  КПСС мүчөсү. 1953-ж. Кызылкыя тоо-кен техникумун, 1956-ж. Москва тоо-кен ин-тун бүткөн. 1964-жылдан Кыргызстан  Компартиясынын Борбордук Комитети м-н Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу партиялык-мамл. контролдоо 

Кененирээк окуу

ЛЕНИН (Ульянов) Владимир Ильич

ЛЕНИН (Ульянов) Владимир Ильич (1870–1924) – марксизмдин теоретиги, РСДРПнын уюштуруучусу жана Совет  мамлекетинин биринчи лидери. Л-дин саясий ойго кошкон салымы – революциячыл уюштуруу теориясы. Ал  революциячыл партиялардын түзүлүшү жана милдеттери, таптар жана алардын саясий мобилдөөчү ролу, социализмге  глобалдуу өтүү үчүн

Кененирээк окуу

КЫЗЫКЧЫЛЫК ТОПТОРУ

КЫЗЫКЧЫЛЫК ТОПТОРУ – саясий партиялар эмес, бирок Өкмөткө түрдүү ыкмалар менен таасир тийгизүүгө  умтулган индивиддердин топтору. К. т. конкреттүү социалдык топтордун (ишмерлер, фермерлер, аялдар, жаштар,  иммигранттар, диний ж. б.) кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн түзүлөт. Партиялардан айырмаланып, К. т. шайлоо  кампанияларында,

Кененирээк окуу

КОНСЕРВАТИЗМ

КОНСЕРВАТИЗМ (франц. conserva-tism – сактоо) – 1) саясий философия, б. а. коомдук кыймылдарга, массага  ишенбөөчүлүк, революциячыл өзгөрүүлөрдү тануу, мында ХVIII к. Э. Берк тарабынан негизделген индивидуализм менен  чыгармачылыкка традиционализмди каршы коюу; 2) Саясий күчтөргө, коомдук катмарларга, индивиддерге тиешелүү  болгон акыл-эстин

Кененирээк окуу

МАРКС Карл

МАРКС Карл (1818–1883) – немец окумуштуусу, революционер. М-тын социалдык жана саясий теорияларга киргизген  негизги салымы экономикалык чөйрөнүн чечүүчү маанисин көрсөткүн тарыхтын материалисттик концепциясы болуп  эсептелет. М-тын теориясына ылайык, саясат экономикадан улам келип чыккандыктанбы, саясат тууралуу  ыраатташтырылган изилдөөсү болгон эмес. М.

Кененирээк окуу

ЛЕГИТИМДЕШТИРҮҮ

ЛЕГИТИМДЕШТИРҮҮ (мыйзамдуу) – саясатта кандайдыр бир аракет, окуя, фактыны коомго мыйзамдаштырып  таанытуу. Л. юридикалык функцияга ээ эмес жана укуктук процесс болуп саналбайт. Л. саясат, бийликти бекемдейт;  саясий чечимдерди актайт. Саясатта Л. анын бардык факторлоруна таралат: бийликке, методдоруна, документтерге ж. б. 

Кененирээк окуу

КҮЧ КОЛДОНУУ ЖАНА КҮЧ КОЛДОНБОО

КҮЧ КОЛДОНУУ ЖАНА КҮЧ КОЛДОНБОО (с а я с а т т а ). Күч колдонуу коомдук-сасий турмушта күчтүн түрдүү  көрүнүшү, саясий максатта физикалык мажбурлоонун колдонулушу. Күч колдонуу актыларына саясий максаттарда  куралдуу күчтөрдү колдонуу, террор, өлтүрүү, уруп-сабоо, жардыруу, имараттарды өрттөө,

Кененирээк окуу